“Эгерде Чыныбай Турсунбеков КСДПнын съезди менен макул эмес болсо, партиянын курамынан чыгып кетүүсү керек” – деди президент Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик № 2-резиденцияда өтүп жаткан маалымат жыйынында.
“Жаңылбаган адам болбойт. КСДП президенттикке талапкерди издеп, менден акыл сурашканда, мен КСДПнын ичинде соц.сурамжылоо жүргүзүүнү сунуш кылгам. Анан алар КСДПчылардын арасында үч сурамжылоо жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков болду, экинчи орунда – Сапар Исаков болду” – деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.
24.kg сайтынан кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ