Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен үчүн президенттик 6 жыл өтө узакка созулду, алтургай чексиздей сезилди”

Бөлүшүү:

“Мен үчүн президенттик 6 жыл өтө узакка созулду, дегеле бүтпөгөн чексиздей сезилди”- деп билдирди Алмазбек Атамбаев бүгүн 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Кээ бир кошуна президенттер өз ара сүйлөшкөндө, Кыргызстан мамлекет болбой калды, ал жакында кулайт деп, ким кулаган мамлекеттен эмне аларын өз ара талкуулашканын айтып беришкен. Унутпагыла, бизде кандай мамлекет эле…  2010-жылдан тартып иштөөгө мүмкүндүк беришчү эмес. Ар кандай лозунгдар менен митинг, ызы-чуу. Ушунун баары болчу. Түштүк облустарда көпчүлүк бир райондон экинчи районго Өзбекстан, Таджикстандын территориясы аркылуу өтүшчү. Бизде газ менен светти оңой эле өчүрүп коё алышчу. Анан биздикилер (президенттер)  жаңы жылда квартираларда газ менен свет болсун үчүн кошуна өлкөлөргө чуркашчу. Ким эмне дебесин биз 6 жылда башка мамлекетти курдук. Мейли кичинекей болсун, бирок сыймыктуу, тоолуу өлкө. Азыр такыр башка өлкө” – деди Атамбаев.

“Ким шайланса дагы ушул жолду улап кетүүсүн каалайт элем. Толук финансылык көз карандысыздык болсо. Кыргызстандын күчү – анын адамдары. Биз ар бирине өз өлкөсү менен, өз өлкөсүнүн тарыхы менен сыймыктануусу керек экенин эскертишибиз керек. Кыргыздар – бул жердеги эң байыркы улут. Көп улуттар жок кезинде кыргыз башчылар Кытай императорлору менен жазышып турчу”, – деди Атамбаев.

Өлкө башчысы “ден соолугунун катуу начарлаганын” дагы айтты. “Бети табак адамдар бар, аларга бары бир, аны өлкөдөгү кан сүйүнтөт. А бирок өлкөнүн ар бир маселеси жүрөгү аркылуу өткөндөр дагы бар”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: