“Мен бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда берген акыркы жайкы маалымат жыйынында журналисттердин “президенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбей турчу шарттар барбы жана өлкөдөгү бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүсүнө кепилдик бере алабы?” деген суроосуна.
“Мен шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да аны эл кабыл алыш керек деп ойлойм. Биз кепилдик берген эң негизги нерсе, бул добуштарды саноо таза болот. Жарандардын добуштарды сатуусу бул башка иш. Бул жерде эми эмне кылабыз? Биз адамдарды жана жоопкерчиликти акырына чейин ойгото алган жокпуз”, – деди ал.
“Бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Өлкө азыр башка да”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ