“Быйылкы жылдагы өтө аз пайыздагы насыялардын берилип жатышы чоң жетишкендик!”- деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Биз 4-5% менен насыяларды долларлар менен берип баштадык, бул албетте бардык өлкө боюнча эмес, бирок мындай насыя берүү башталды, сом менен да 10%да берилип жатат. Мен өзүм доллар менен 36%дык, сом менен 110%дык насыя алган киши катары, бул эмне экенин билем. Биз Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш боло турчу убакка өтө жакындаттык” – деп билдирди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ