“”Белизгейт” боюнча иш азыр менин көзөмөлүмдө. Бул иш боюнча мен Башпрокуратурадан дайыма маалымат алып турам. Аларга тапшырма берилген, алар Белизге суроо жиберишет, жооп алышат. Мен ойлойм, кудай буйруса, мен кызматтан кеткичекти бир жыйынтык болот”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Иш жүрүп жатат, силер унутулуп калды деп ойлобогула. Мен айткандай, эгерде иш такталбаса, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берет. Бирок туурабы же туура эмеспи, азырынча жыйынтык жок”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ