Кабулда жанкечтинин мамлекеттик кызматкерлер бара жаткан автобуска жасаган чабуулунан 35 киши өлдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги ооган өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен билдирди.
Буга чейин Ооганстан ИИМинин басма сөз катчысы Наджиб Даниш 24 киши курман болгонун 40тан ашууну жаракат алганын маалымдаган.
Жардыруу бүгүн эртең менен Кабулдун батыш бөлүгүндө орун алган. Жанкечти жардыруучу зат орнотулган автоунаасы менен автобусту барып сүзгөнү айтылууда. Жардыруунун кесепетинен автобус күйүп кеткен.
Автобуста Тоо-кен өндүрүү министрлигинин кызматкерлери бараткан.
ТАСС агенттиги теракт үчүн жоопкерчиликти “Талибан” экстремисттик кыймылы өз мойнуна алганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ