Өзбекстанда учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү ишканалар ачылат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусуна жасаган сапары маалында айыл-чарба тармагында квадрокоптерлер жана агродрондорду пайдалануу долбоору менен таанышып жатып билдирди.
Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, мамлекет башчы айыл-чарбадагы өндүрүмдүүлүктү көбөйтүүдөгү агродрондордун мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, жакында өлкөдө учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү боюнча биргелешкен ишканалар ачыла турганын айтты:
«Эгер биз айыл-чарбанын келечегине кам көрөбүз десек, анда тез аранын ичинде заманбап иштөө ыкмаларына өтүшүбүз керек. Өзгөчө дрондорду өндүрүү, ал максатта биргелешкен ишканаларды түзүп, тиешелүү кадрларды даярдоого көңүл буруу зарыл», – деди президент.
Өлкөдө 2015-жылдын 1-январынан тарта дрондорду алып келүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынган. Тиешелүү токтомго ал кезде премьер-министр кызматын ээлеп турган Шавкат Мирзиёев кол койгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ