Menu

Бишкек шаарынын жашоочусу өз ыктыяры менен ок атуучу куралды октору менен тапшырды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын жашоочусу бактын түбүнөн Калашников автоматын октору менен таап алып, өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Ушул жылдын 23-июль күнү милиция кызматкерлерине 35 жаштагы борбор шаарыбыздын жашоочусу телефон чалып, бактын түбүнөн Калашников автоматын 5,45 калибрдүү 30 огу менен таап алганын билдирген. Алынган окторго экспертиза жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек ШИИББси эскертет: эгерде жарандар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды тапшыра турган болсо жана кылмышка тиешеси жок болгон учурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: