Menu

Дүйшөмбү-Куляб-Хорог-Кульма унаа жолу ачылды

Бөлүшүү:

Тажикстандын эл аралык маанидеги Дүйшөмбү-Куляб-Хорог-Кульма жолу 24-июль эртең менен ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин Тоолуу-Бадахшан автономдук облусу боюнча штаб башчысынын орун басары Гүлшан Насруллоев билдирди. Аталган унаа жол селден улам эки аптадан бери жабык турган.

«Жолдун айрым бөлүктөрүндө тазалоо жана жардыруу иштери уланып жаткандыктан унаалар график боюнча жана эки тарапка кезек менен өткөрүлүп жатат», – деди ал.

8-9-июль күндөрү Ооганстан тараптан келген сел агымынан улам тоо тектери урап, Пяндж дарыясын тосуп калган. Ага байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүп, Тоолуу-Бадахшан автономдук облусун Дүйшөмбү менен бириктирген жолду каптаган.

Облустун экономикасы жолдун иштөөсүнөн көз каранды, анткени кытай товарлары Тажикстанга ушул жол аркылуу жеткирилет. Ошондой эле ал аркылуу Дүйшөмбүдөн Хорогго товарлар ташылат», – деп билдирди облустун басма сөз катчысы Нилуфар Асламшоева.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: