Menu

Кушнер Орусия менен байланыштары тууралуу маалыматтарды четке какты

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана улук кеңешчиси Жаред Кушнер 2016-жылдагы президенттик шайлоо маалында жана андан кийинки бийлик алмашуу мезгилинде да Орусия менен “күмөндүү байланыштары” болбогонун билдирди. Бул тууралуу анын Сенат менен Конгресстин Өкүлдөр палатасына жиберген расмий билдирүүсүндө жазылат.

Кушнердин сөздөрүнө караганда ал өзү да, шайлоо штабынын башка мүчөлөрү да чет мамлекеттер менен кызматташкан эмес. Ошол эле учурда Трамптын 8-ноябрдагы жеңишинен кийин 36 жаштагы Кушнер “балким орусиялык өкүлдөрү менен төрт жолу жолугушкан болушу мүмкүндүгүн” да четке какпайт.

“Мен жеке секторду бизнес ишмердигимди каржылоодо Орусияга таянган эмесмин”,-деп кошумчалады Кушнер. Ал ошондой эле Москва менен мамиле түзүүдө “жашыруун каналдарды колдонууга кеңеш бергенин” да жокко чыгарат.

24-июлда Кушнер Сенаттын Чалгын комитетинин мүчөлөрүнүн суроолоруна, ал эми шейшембиде Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Ушу тапта АКШда Конгресс менен ФБР былтыркы президенттик шайлоого Москванын кийлигишүүсү болгонбу же жокпу деген маселени, Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен байланыштарын иликтеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: