Орусиянын аскер полициясы Дамаск провинциясынын Чыгыш Гута райондорунда ишке киришти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүүдө.
Орус аскерлери аймакка эки көзөмөл-өткөрмө бекети менен төрт байкоо постун орнотту. Коргоо министрлиги бул чаралар элдешүү режимин колдоого, гуманитардык жардам жеткирүүгө жана качкындардын үйлөрүнө кайтуусуна жардам берет деп эсептейт.
9-июлда Сириянын түштүк-батышындагы Дераа, Эль-Кунейтра жана Сувейда шаарларында элдешүү жараяны күчүнө кирген. Бул боюнча Орусия, АКШ жана Иордания макулдашкан. 22-июлда орус аскерлери менен сирия оппозициясынын өкүлдөрү “Чыгыш Гутадагы” деэскалация зоналарында иштөө тартиби тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Сирияда төрт деэскалация зонасын түзүү боюнча келишим май айында Астанадагы сүйлөшүүлөр учурунда кабыл алынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ