Menu

Боюнда бар аялды келеке кылган Тургунбаев

Бөлүшүү:

Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып чыгышты. Буга музейдин кош бойлуу илимий кызматкерин “Боюңдан алдыр” – деп шылдыңдаганы себеп болгон. Кош бойлуу келинге болушкан кесиптештер жетекчиси Абдраим Тургунбаевдин мыйзамсыз иштерин айтып чыгышты.

Сулайман-Тоо музейинин илимий кызматкери Чолпон Бабыева алты айлык кош бойлуу абалында тоонун чокусундагы тосмолорду сырдоого мажбур болгон. Ага карабай жетекчисинин басмырлоосуна кабылганын айтып жатат. Бул туурасында Чолпон айым: “Мен жетекчинин буйругу менен тоонун чокусуна чыгып тосмолорду сырдадым. Ал жактан ооруканага түштүм. Мага бөлүп берилген участоктогу чөптү адамдарды жалдап келип ордурдум. Ошого карабай директор кесиптештеримдин жакшылык, жамандыктарына мени чакырбагыла деп буйрук бериптир. Анан мен ага кирип, кош бойлуулук бул жугуштуу оорубу же уят нерсеби? Эмнеге мени жерге чаап, басмырлап жатасыз деп сурасам, “Жакшы мамилени кааласаң боюңдан алдырып сал” – деп каткырып күлөт. Ага менин кесиптештеримдин баары күбө. Бул эмне деген кеп каңырык түтөттү.

Бул чырды иликтеген Тургунбаевге сөгүш жарыяланган. Жамаат айткан кемчиликтерди жоюуга 1-августка чейин мөөнөт берилген. Бирок музейдин илимий кызматкерлери Тургунбаевди жетекчилик кызматтан алуу талабынан кайтпай турушат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: