Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевди айыптоодон чарчадыбы же кийин бир балээге калбайын деп сактандыбы, болбосо “ата мекенчилердин” басым-кысымына чыдай албай койдубу, айтор, мамлекеттик айыптоону жетектеген прокурор Кубанычбек Бейшекеев отставкага кетти. Маалыматка караганда, ал өз арызынын негизинде пенсияга узатылды. Кубанычбек Бейшекеев 2016-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарынын прокурорлугуна дайындалган. Бул жагдайды айрымдар Текебаевдин жеңишке бир кадам жакындаганынын белгиси катары сыпатташууда. Ырасында, Текебаев кыйын экен. Абакта отурса да прокурорлордун айласын кетирип жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ