Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагында 20-июль күнү Кызыл-Ой айылында 14-15 жаштагы 2 кыз Көкө-мерен дарыясына сууга түшүү үчүн барышып, агып кетишкен. Ошондон бери кыздардын сөөгү изделип, табылбай келет. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылган. Жайдын аптаптуу ысыгында ысуулап сууга түшкөндөр чөгүп кеткен фактылар көп катталууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ