Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга мамлекеттик ишмерлерге жана саясатчыларга кайрылуу жасады. Президент аларды оффшордук зоналардагы акчаларын мамлекетке 49 сутканын ичинде кайтарып келүүгө чакырды. Бул туурасында ARD порталы билдирет.
Монголиянын 49 жаранында чет өлкөлөрдөгү оффшордук аймактарда каржы эсептери бар деген маалымат бар. Алардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана алар менен байланышкан криминалдык акчаларды “адалдоо” боюнча, мамлекеттик коррупция жана алдамчылык операциялар боюнча шектүү делген тараптар бар.
Монголия президенти аларды акчаларын оффшордук эсептен 2017-жылдын 24-июлунан тарта 49 сутка ичинде Монголиянын борбордук банкы “МонголБанкка” которууга чакырды. Эгерде жогоруда эскертилген адамдар бул чакырууга көңүл бурбай турган болсо, алардын эсеби тууралуу маалыматтын ачылышы жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылуу боюнча сөз болот, деп жазат портал.
Булак: ADR
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ