Menu

Европа соту Немцовдун өлүмү үчүн соттолгондорго кенемте чегерүүнү чечти

Бөлүшүү:

Адам укуктары боюнча европалык сот орус бийлигин Борис Немцовдун өлүмү боюнча соттолгон Темирлан Эскерхановго алты миң евро компенсация төлөөгө милдеттендирди. Эсерханов тергөө абагындагы абалга жана Москванын Басман сотунун аракеттерине даттанган.

Оппозициячынын өлүмү боюнча күнөөлөнгөн дагы эки бир тууган – Анзор менен Шадид Губашевдер дагы ушундай эле арыз менен кайрылышты. Адам укуктары боюнча европалык сот алар сотко чейинки келишимди орус бийлигине жеткиришкендиги үчүн дооматтарын кабыл алган жок.

Борис Немцов Орусия президенти Владимир Путинди да, Кадыровду да катуу сындап келген. Оппозициячы 2015-жылдын 27-февралында Москвада атылган. Анын өлүмүнө чечен жарандары – Заур Дадаев, Анзор менен Шадид Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев күнөөлүү деп табылган. Алар 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышкан.

Ошол эле маалда Немцовдун үй-бүлөсүнүн адвокаттары буюртма өлтүрүүнүн артында Рамзан Кадыров өзү турат деп да күнөөлөп келишет. Чечен лидери муну четке кагат

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: