Menu

КР Финансы министрлиги: Быйылкы жылдын 6 айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 96,8 пайызга аткарылды

Бөлүшүү:

“Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2017-жылдын январь-июнунда кассалык пландын негизинде республикалык бюджеттен каржылоонун жалпы көлөмү 67 млрд 630,8 млн сомду түздү же такталган пландын (69 млрд 870,2 млн сом) 96,8 пайызы аткарылды” – деп билдирет финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча бюджеттик мекемелерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөр (маяна, Соцфондго чегерүүлөр, дары-дармектер, тамак-аштар, жөлөкпулдар, стипендиялар жана мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды тындыруу) 100 пайызга канааттандырылды.

47 млрд 787,2 млн сом суммасындагы кассалык пландын каржыланган көлөмүндө 47 млрд 796 млн сом суммасындагы такталган пландын аткарылышы 100 пайызды, кассалык чыгашалар 46 млрд 192,2 млн сомду же кассалык пландын 96,7 пайызын түздү.

2016-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда кассалык чыгашалар 9,7 пайызга же 4 млрд 70,6 млн сомго көбөйдү.

Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча кассалык план 5 млрд 795,9 млн сомго каржыланды же 6 млрд 774,9 млн сом суммасындагы такталган пландын 85,5 пайызы аткарылды.

Кассалык чыгашалар 5 млрд 439,8 млн сомду же кассалык пландын 93,9 пайызын түздү.

2016-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда корголбогон беренелер боюнча кассалык чыгашалар кассалык чыгашалар 524,3 млн сомго же 10,7 пайызга көбөйдү.

Финансылык эмес активдер боюнча кассалык план 5 млрд 498,8 млн сомго каржыланды же такталган пландын (6 млрд 750,5 млн сом) 81,5 пайызы аткарылды.

Кассалык чыгашалар 4 млрд 595,1 млн сом суммасында жүргүзүлдү же кассалык пландын 83,6 пайызы орундалды.

2016-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу финансылык эмес активдерди сатып алууга сарпталган чыгымдар 2 млрд 170,5 млн сомго азайды.

Финансылык активдер боюнча республикалык бюджеттен 884,2 млн сом бөлүнүп берилди, бул такталган пландын 100 пайызын түздү. Финансылык активдер боюнча кассалык чыгашалар 847,6 млн сомго жүргүзүлүп, кассалык пландын 95,9 пайызын түздү.

Милдеттенмелерди аткарууга республикалык бюджеттен 7 млрд 664,7 млн сом бөлүндү же такталган пландын 100 пайызы аткарылды. Иш жүзүндө кассалык чыгашалар 7 млрд 629,2 млн сомду түздү же кассалык пландын 95,7 пайызы орундалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: