2017-жылдын 24-июлунан 30-июлга чейин Жалал- Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Кара куурай” аталыштагы операциясы жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Анда Ноокен районунун талааларында жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Райондо жалпысынан 6 гектардан ашуун жерде кара куурай өсүмдүүгү өскөн. Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги, айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте талаа жээктерин бойлоп өскөн кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынган. Мындай иш-чаралар Жалал-Абад облусу боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Кара-Көл,Токтогул райондорунда өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ