Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы ислам боюнча онлайн-сабактарды өткөрө баштады. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сабактар Facebook жана Instagram сыяктуу социалдык түйүндөрдө, ошондой эле Youtube сервисинде да жеткиликтүү болот.
Сабактар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү болуп турат. Аларды белгилүү уламалар жана Ташкент Ислам институтунун окутуучулары өткөрүшөт.
Онлайн-сабактарда тафсир, акида, фикх, хадистерге түшүндүрмөлөр, тажвид жана араб тили сыяктуу предметтер окутулат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ