Menu

«РусГидро» президент Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Орусиянын “РусГидро” компаниясы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана аталган ишкана тууралуу айткандары боюнча билдирүү таратты.

Анда “кыргыз өнөктөштөрдүн, анын ичинде кыргыз президентинин билдирүүлөрүнө жана системалык түрдөгү маалыматтык спекуляцияларга жол берилбестиги” белгиленип, “РусГидро” Кыргызстандагы ГЭСтерге салган каражатын кайтара албаса, эл аралык арбитраждык териштирүүгө бараары айтылган.

“РусГидро эч качан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун токтотуу билдирүүлөрүн айтып чыккан эмес. Мындан улам кыргыз өнөктөштөрдүн “РусГидронун” милдеттемелерин туура аткарбаганы тууралуу билдирүүлөрү таптакыр негизсиз”,-деп айтылат 25-июлда компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Президент Атамбаев 24-июлдагы маалымат жыйынында “РусГидро” менен келишимди бузуу туура болгонун айткан.

“Мен өзүм ынандым жана Орусиянын президенти дагы, орус компаниялары Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курушпайт болчу, керек болсо Камбар-Ата – 1 ГЭСин да баштабайт болчу. Бул “биздики, тийбегиле” деген сыяктуу аракет болгон”,- деп билдирген Атамбаев.

2012-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү кол койгон макулдашууга ылайык, “Русгидро” Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курмай болгон. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Андан соң чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: