Menu

Атамбаевге “Сиз эмне үчүн кыргыз элинин дарегине көп нааразычылык айтасыз?” деп суроо берген журналист жумушунан кетти”

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаевдин 24-июлда, Ысык-Көлдөгү N2-мамлекеттик резиденцияда берген жайкы акыркы маалымат жыйынында Super.kg порталынын журналисти Автандил Добулбеков “Алмазбек Шаршенович, сиз эмне үчүн кыргыз элинин дарегине көп нааразычылык айтасыз?” деп суроо бергенде Атамбаевдин ачуусу келип кагып-силкип сүйлөтпөй  койгон.

Кечээ, 25-июлда Автандил Добулбеков Super.kg порталынан жумуштан кеткени белгилүү болду. Ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына : “Урматтуу достор, кесиптештер!
Кечээги президенттин маалымат жыйынынан кийин белгисиз мөөнөткө “сүргүнгө” кетип жатам. Чолпон-Атадан кайтып келсем, редакция мага сюрприз даярдап коюптур… Кудай буюрган күнү жүз көрүшөбүз!” деп жазып калтырган.

Эсиңиздерге сала кетсек, ал жыйында Автандил Добулбеков: “2012-жылдын 7-апрелинде Бишкекте Аксы жана Апрель окуяларында каза тапкандарга арналып эстелик ачылган. Ошол иш-чарада сиз “Кыргызстандын бийлиги элдин ишенимине таянганда гана күчтүү болорун унутпасын” дегенсиз. Бирок сиз акыркы күндөрү кыргыз элине карата көбүрөөк нааразычылык, сын айтып, башка мамлекеттерге, сырттагы лидерлерге көбүрөөк ыраазычылык билдирчү болдуңуз..” деп келатканда Атамбаев журналист Автандил Добулбековдун оозунан сөзүн жула калып: “Кана,” мисал келтир” деп кекеткен. 

“Мен Казакстан ЭКСПОну курууга жумшагандай 3 миллиард доллар акча чыгымдасам, мени тытып жеп коюшмак дегенсиз…” – деп келатканда Атамбаев: “Карандай калпыңыды токтот!” деп ачуулана бир топ сүйлөнгөн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: