Menu

Садыр Жапаров: “Кеч болсо да адилеттик мен тарапта болот”

Бөлүшүү:

Кыргыздын дагы бир мекенчил жигитгеринин бири, бийлик тарабынан сындыруу аракети көрүлүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тагдыры жакынкы күндөрү сот тарабынан чечилүү алдында турат. Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жаткан процессте мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сурашты. Прокурор Бакыт Токторбеков 2013-жылдын 7-октябрындагы митингди “Садыр Жапаров уюштурган, Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу, өрттөө тууралуу активисттерге көрсөтмө берген, аларга каржылык колдоо көрсөткөн”,- деп билдирди. Бирок 30-июндагы сотто Эмилбек Каптагаев жабырлануучу катары көрсөтмө берип, Садыр Жапаровдун “мага дооматыныз барбы?”- деген суроосуна: “Менин сизге эч кандай дооматым жок”,-деп айткан болчу. Мыйзам боюнча, эгер жабырлануучу “доом жок”,- десе, анда айыпталуучу сот жообунан кутулууга тийиш. Демек, кыргыз фемидасы мыйзамга каршы соттоп жаткандыгы кашкайып далилденип турат. Демек, бул президенттик шайлоонун алдында эл тарабынан чоң колдоого ээ талапкерлердин бирин “сындыруу” аракети болууда. Андыктан темир тордун ары жагында отурган С.Жапаров: “Кеч болсо да адилеттик мен тарапта болот”,- деди. Балким, кеч деле болбостур…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: