Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Чыныбай Турсунбековго жөн эле акча короткудай түрктөр макоо эмес”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, Атамбаев баш болуп, КСДП төш болуп, Сооронбай Жээнбековду президентикке аттантышты. “Президенттикке мен да талапкер болом” деген Чыныбай Турсунбековго “сага партияда орун жок”- дегендей түр көрсөтүштү. Бул жагдай эмнеден кабар берет?

– “КСДП төш болуп” дегениниз туура эмес. “КСДП деген партия жок”- деп айтып эле келетам.
Булар баягы эле “Алга, Кыргызстан” же “Ак Жол” да.
Алар азыр каякта? Аларды ким эстейт? Дегеле буларды бириктире турчу идея кайсыл? Мен КСДПнын съездинин түз трансляциясын карап атып, так ошол Бакиев өткөргөн 2010-жылдын 24-мартында “жалпы улуттук курултайды” эстедим. Филармонияда жаңырган ошол эле “стабилдүүлүк, президентти колдойбуз” деген ураандар, керек болсо ошондо сүйлөгөн адамдар ошол эле сөздөрүн кайталашты.

Анан болсо эки жумадан кийин 7-апрель болду, баягы президентти колдогон кишилер ошо менен жым-жырт болушту. Мына анан турмуштун тамашасы, тарыхтын иронияcы – ошол Бакиевдин курултайында көкүрөгүн “мен президентти колдойм” деп каккан Чыныбай Турсунбеков быйыл “кой, бул сапар мен эртерээк чөгүп бараткан кемеден түшөйүн” дегенсиди. Чыныбай канча жыл КСДПны жетектемиш болду, 2015-жылы партиялык тизмеде №1 болду, фракцияны башкарды, спикер да болду. Эми байкасаңыз – съездде бир киши Чыныбайга болушуп, анын таламын талашып чыктыбы? Бул эмне деген партия? Же Чыныбайдын аброю ушунча эле төмөн дагы эмес, толук нөлбү? Э, ботом, мен президентикке аттансам, жанагы съездге жакшы даярданып, жергиликтүү жыйындардан өзүмдүн жактоочуларымды шайлатып, шайланып келген делегаттар менен түнү бою агитация жүргүзүп, эртеси эки машине ун бекер таратсам дагы съезддин кеминде жарымын өзүмө буруп алат элем да, туурабы. Бул кишиде болсо эки машине ундан көбүрөөк болуш керек ресурсу, ыя?! Ортого кудуретин салбаганда дагы. А бул киши эмне кылды? Барды дагы, анан тиги Икрам Сатарович Илмиянов деп кайрылып, ошо кишиге жалынып, ыраазычылыган айтып кирсе болобу?! “Бул киши окумуштуу, интеллигент”- деп үмүт этип жүргөн кишилердин баардыгы ошондо эле өчтү. Мына сага комедия! Чыкканга жараша, катуу чыгыш керек болчу! Азыр болсо же ары эмес, же бери эмес. Спикер эле болуп иштей турсун, кичине нейтралдуу киши катары шайлоого көзөмөл жүргүзүп дегендей эле болуп калды. Болбосо, сөз дагы тарап кетти. “Түркиядан килейген акча берилиптир, бул сөзсүз ошону каржыламыш болуп, шайлоого калп болсо дагы катышат экен”- деп. Эми мындайга ишенүүгө болбойт. Түрктөр макоо эмес, жөн эле акча корото берчүдөй. Чыныбай Акунович дагы андайга барбайт. Өзү да жүдөп, элдерди жүдөтпөйт деген ойдомун.

– УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин миссиясы бүттүбү? Президент Атамбаев “Белизгейт такталбаса Абдил Сегизбаев кызматтан кетет” деп дагы бир жолу баса белгиледи го?

– УКМКнын башчысынын миссиясы бүтө элек. Бул киши Акаевдин бийлигине кызмат кылам деп атып, артык кылам деп, аягы эмне менен бүткөнүн баардыгыбыз билебиз. Мен ишенет элем – “шайлоо учурунда жалпы улуттук кызыкчылыкты туу тутат” деп. “Белизгейттен” бери дагы бир канча гейт болуп кетти го. Кызматтан болсо ансыз деле сөзсүз кетет. Аны өзү деле жакшы түшүнүп турат.

– “Нарын каскадын курабыз” деген чехтердин иши баштала электе эле алар тууралуу терс маанайдагы маалымат жарыяланып кетти го. Чехтер да “арзыбаган ишке чоң каражат короттук”- деп Кыргызстандын мойнуна дагы карыз илип кетпейби?

– “Лигласстын” окуясы Атамбаевдин доорундагы башкаруунун шалаакалыгынын эң акыркы мисалы болуп берди. Канча жылдан бери ал кишинин “мына сөзсүз Кыргызстан региондогу эң өнүккөн мамлекет болот” деп эле каргана берчү. Бирок ишке келгенде эң компетентсиз, эң төмөнкү деңгээлдеги адамдарды жетекчи кылып дайындап алды. Мына ошонун кесепети килейген ГЭСтерди, элибиздин эң чоң байлыгын, суубузду кайдагы бир көчөдө басып жүргөн шылуундарга карматып, карматканда дагы “дүйнө жүзүнө чоң сенсация жаратабыз, “Русгидронун” ордуна чехтерди алып келдик таризинде жарыялайбыз”,- деп атып – баардыгына шерменде, уят болушту. Эми ошол чехтердин бүт калпы ачыкка чыккандан кийин да, алар эч кандай ГЭСти өмүрүндө жакындан көрбөгөндүгү, банкта 383 миллион евро эмес, 383 евросу жок болгондугу да аныкталса дагы – “биз эмнесинен уттуруп аттык эле? Колдорунан келсе – төлөшөт, болсо болду, болбосо жок” деп айтып атышат. Мына, эмесе, ушул себептен, туугандар, Атамбаевдин доорунда так ушундай шалаакалыктан өнүккөн жокпуз. “Болсо болду, болбосо жок” деп атышып жети жыл өтүп кетти. Эң чоң жоопкерсиздик! Булар азыр август-сентябрь башыбызды айлантып, анан бирок баары бир келишимди бузууга аргасыз болушары анык. Мунун бардыгын уюштурган Атамбаевдин тегереги, жанагы Прагадан жазылган кат бекеринен Сапар Исаковтун атына жазылды дейсизби. ТИМдин дагы катуу каршылыгын ошол гана адам көңүлгө албоону буюра алат. Бирок, бул чатактын кесепети түздөн түз Сооронбай Жээнбековко тийет. Сокенин өтө алсыз премьер экендигин, эч кандай бийликти башкара албай, өзү номиналдуу эле жетекчи болгондугун так ушул “Лигласс” аферасы көрсөтүп койду. Кудай сактасын, Сооронбай шайланып калган күнү, так эле ушундай миллиардаган келишимдерди Атамбаевдин сүймөнчүктөрү бекиткен учурда, президент Жээнбеков болсо кийлигише албай эле, алыс аймактарда бала бакчаларды ачып аткан болот. Муну биз даана эле көрө алдык.

– Президенттикке аттангандар боюнча кандай пикирдесиз? Чыныгы аттандаштык кайсыл талапкерлердин арасында болот?

– Чыныгы атаандаштык бар! Бирок Атамбаев шайлоону таза өткөргүсү келсе, Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровту дагы катыштырышы керек. Болбосо, кандай болгон күндө дагы, тарыхта дагы, эл аралык отчеттордо дагы, “эң алдыңкы талапкерлерди камап койду”- деп жазылып калат. Анан андай эместигин, бул талапкерлерге 3-4төн эле пайыз добуш берерин далилдеп көр. Эч кимде күмөн калбаш үчүн, Текебаев менен С.Жапаровко шайлоого катышуу укугун, мыйзамга ылайык, камсыз кылып бериш керек бийлик.

– Атамбаевдин: “2020-жылга чейин партиямды тазалап, парламенттик шайлоого катыштырам”,- деген сөзү эмнеден кабар берет?

– Партиясын тазалайын дегени чын болсо, биринчи кезекте шоопурун айдашы керек. Так ошол шоопуру экөө бардыгын чеччү эмес беле. Эми эмне болуп калыптыр? Кимден тазалайт экен? Шайлоо болсо 2020-жылы болбойт, эмки президент ким болбосун, аны бул парламент иштетпейт. Атамбаев ачык эле айтып атпайбы, “баары бир мен тымызын контролдойм” деп. Ошондуктан жаңы Конституцияны элге сунуштап, анан бул парламентти таркатууга туура келет. Эмки күздө жаңы, күчтүү парламентти шайлап алууга даяр болуп калышыбыз ыктымал. Болбосо элге пайдасынан зыяны көп бул театр улана берет. Бул шоуну бекер деп айтууга кыйын. Анткени, жүз миллиарддаган кирешеден кол жууп атабыз, өнүкпөй. Тажикстандан да артта калдык. Жанагыдай “Лигласс” сыяктуу аферисттерге жем болдук. Бул ачыкка чыккан афера, тымызындары мындан да чоң жана ондоп саналат. Эл бийлигин бекемдеп, кутургандын бардыгын тартипке тартпасак болбойт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: