Menu

Көзү ачыктан ажолукка аттангандар

Бөлүшүү:

Кудайды “курдаш” кылып, “ааламдын аяндарын чечип жүрөбүз” деген топтун мүчөлөрү дагы бул шайлоодо четте карап турбасын билдиришип, ажолукка aт салышууга ашыгышты. Алар: Арстанбек Абдылдаев менен Замира Муратбекова.

“Кыш болбойт”, “Алтын доор башталат”, “Путин – адамзаттын сактоочусу, ал татаал биоробот” деген айтылуу “Зима не будет” каймана атка ээ Арстанбек Абдылдаев өзүн “касиеттүү” адамдардын катарына кошот. Ал: “Адам жаралганда бир кызмат үчүн жаралат экен. Мен да жашоодогу милдетимди аткаруу үчүн ушул жыйынтыкка келдим. Анын тарыхы мындай болгон. 1998-жылы Алайдагы Кор-Булак айылынан Зульфия деген энеге (менден кичүү, бирок касиетин баалап эне деп коём) Адам ата көрүнүп, ага «Келечектин мыйзамын» жаздырган. Андан бери бул илим боюнча 8 китеп жарык көрдү. Акаев менен Бакиевге да бул китептерди тартуулашкан. Алар көңүл да бурушкан жок. Мени ырчы Сонунбүбү Кадырова 2010-жылы Алайга, Зульфия энеге алып барды. Мага чейин ал Баяман Эркинбаевди, Урмат Барыктабасовду, Дастан Сарыгуловду алып барыптыр. Бирок алар бул илимди толук түшүнгөн эмес экен. “Илимди ачыкка алып чыгуучу касиеттүү адам” деп алар мени кабылдашты. Арстан Алай ошол көктөн түшкөн ысым, аны мен көтөрбөй, билбей жүргөн кезде кырсыктадым, кыйналдым”,- дейт.

Өзүн касиеттүү адамдардын катарына кошкон Арстан Алайдын “Зима не будеттен” башка “өзгөчө” касиетин кыргыз эли азырынча сезе элек.

Ал эми ардагер Замира Муратбекованын айтканына таянсак, “ушундай зор илимге ээ болуп, Алтын доордун программасын билип туруп, Эл-Жериме жардам бербей, отура бергеним чыккынчылык болот”- деп ажолукка ат салышмай болгон.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: