Menu

Бакыт Төрөбаев Франция Сенатынын депутаттары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеӊештеги “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Франция Сенатынын депутаттары менен жолугушту. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда, эл өкүлдөрү эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеӊейтүү маселелерин талкуулады.

Депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын тышкы саясатында Франция мамлекети өзгөчө орунда турарын белгилеп: “Биз 25 жылдык достук мамилени мындан ары да жемиштүү улантууга кызыкдарбыз. Анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды депутаттык достук топторунун тыгыз кызматташтыгы менен арттыруу учур талабы”, – деди.

Ошондой эле фракция лидери Франция элин президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктап, Кыргызстанда өтө турган быйылкы президенттик шайлоого Франция өкүлдөрүн байкоочу катары да катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Сенат депутаты, “Франция-Борбор Азия” парламенттер аралык достук тобунун президенти Ив Поццо ди Борго жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеӊештин депутатына ыраазычылык билдирип: “Франция демократиянын бешиги катары бул жааттагы жетишкендиктер бир топ эмгек менен келерин жакшы билет. Андыктан, Кыргызстандагы парламенттик-демократиялык багыттагы бардык жаӊыланууларды колдоого даяр”, – деди. Андан тышкары, керемет табияты, көгүлтүр Ысык-Көлү менен өзгөчөлөнгөн Кыргызстанда туризмдин келечеги кеӊ экенин белгилеген Ив Поццо ди Борго, аталган тармак боюнча да кызматташуу жемиштүү болоруна токтолду.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Франция Сенатынын депутаттары Кристофф-Андре Фрасса, Андре Рейшар жана аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: