Menu

Алтынбек Жумаев, “7-каналдын” жетекчиси: “Андай кошаматты Бакиевди айга- күнгө теңегендей жыйындарда модератор болуп жүргөндөр кылып жүрүшөт”

Бөлүшүү:

-Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? “Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле  уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?

-Пресс-конференция эркин форматта эле өттү деп ойлойм. Менимче ким президент болбосун, ал “мага бул суроону берсин” деп айтпаса керек. Качан болбосун “жакшы көрүнөм” деген  кошаматчылары аша чаап кызмат кылып коюшат. Атамбаевдин пресс-конференциясын  уюштургандар андайдан алыс, эркин эле суроо-жооп кылышат. Андай кошоматты дагы деле  Бакиевди айга-күнгө теңеген жыйындарда модератор болуп жүргөндөр кылып жүрүшөт. Алар  көнгөн адатынча эртең жаңы келген президентке да кошоматтык кылышат. КТРКга бааны теле көрүүчүлөр берсин. КТРК “кара жашик” дегенден арылалбай эле келе жатат.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: