Menu

Олег Панкратов БУУнун өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча өкүлдөрү менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын өлкөлөр менен өнөктөштүк программасынын максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясынын жана 2040-жылдарга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү стратегиясында чагылдырылышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн, 26-июлда, Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жай тармагын өнүктүрүү  (ЮНИДО) боюнча өкүлдөрү менен жолукканда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Өнөр жай –  ар бир мамлекеттин  экономикасынын негизги өзөгү. Биз үчүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү чоң маанигее ээ. Аны эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун өнөр жай тармагы менен өлкөдө өнөр жай тармагын өнүктүрүү багыта тыгыз кызматташууну көздөйт. БУУнун өнөр жай тармагын өнүктүрүү программасынын жардамы менен биз өлкөдө өнөр жай тармагын өнүктүрүп, анын ИДП үлүшүн көбөйтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

БУУнун өнөр жай тармагы боюнча улук кеңешчиси Виктор Загреков билдиргендей, жакында уюмдун аткаруу комитети Кыргыз Республикасы үчүн өлкөлөр аралык өнөктөштүк Программасын өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алды.

«Кыргыз Республикасы үчүн өлкөлөр аралык өнөктөштүк Программасын өнүктүрүү программасы жергиликтүү экономиканын  приоритеттүү тармактарын эске алуу менен ишке ашырылат. Иш аралыгында программаны ишке ашыруудагы катачылыктарга жол бербөө багытында тажрыйба топтолот. Биз үчүн кыргыз коомчулугунда ата мекендик экономиканы индустриализациялоо муктаждыктары келип чыгууда. Бул чоң жоопкерчилик, аны актоого аракет кылабыз», – деди БУУнун өнөр жай тармагы боюнча улук кеңешчиси Виктор Загреков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: