Menu

Жээнбеков премьер-министрликтен кетсе, анда утулуу ызасын тартат…

Бөлүшүү:

Коомчулукта баары эле акылман. Бирок, кимге оомат оосо, ошол жакка кары-жашы дебей кошомат кылуу менен бөжөңдөшөт.

Президент Атамбаевдин маалымат жыйынынан кийин саясый кырдаалга кадимкидей өзгөрүү кирип, «Сооронбай Жээнбеков болбосо, Өмүрбек Бабановду колдойт элем» деген сөзгө көпчүлүгү маани беришти. Атургай бийлик чиновниктери, бизнесмендери Бабановго киши салууга дилгирленишип, эртеңки күндүн эсебин көрүүгө кам урушкандай… Кызык, Алмаз байке неге мындай оюн кылууда? Же Сокени ээлеп отурган кызматынан кетирип, анын колу-бутун биротоло «жараксыз кылып», андан соң баскычка секирүүнү максат койдубу? Эгерде Сооронбай Жээнбеков чын эле кызматын түп орду менен өткөрүп, шайлоого жайдак аттанса, анда ошол эле КСДПчылар табалап, марага келгенде тескери бурулуп кетишсечи? Же ушундай «оюнга» муктаж болуп атышканбы? Андай болсо Бабановду бийлик бирдиктүү талапкер катары ачык колдоп чыкпайт беле? Албетте, оюн үчүн эмес, чындык таризинде…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: