Илгерки «Инкубду» бүткөн тыңчыкмалар биригип, алдыдагы президенттик шайлоодо Темир Сариевди намыс үчүн колдоп чыгууга белсенип турушса, булардын ичинен көрүнүктүү Дүйшөн Ирсалиев менен Мелис Турганбаев бийлик тарапка ыктап, карама-каршылыктуу образды жараткандай. «Интернатскийлер» сөзгө бек, бири-бирине карамдуу жана ынтымактуу келишет эмеспи. Булардын ичинен алдыга озгону Темике болуп, мамлекеттик деңгээлдеги тагдыр чечүүчү сыноого баш уруп атса, берки экөөнүн агымга каршы сүзгөнү кандай? Дал ушунун айынан Меке, Дүкөгө спорт мектептин кыйындары нааразы болушуп, түрдүү сөздөр чыга баштагандай. А ким билет? Булар кайра ойлонушабы? Балким, Турганбаев менен Ирсалиев саясый тактика кылып аткандыр, азырынча КСДПнын штабына жардам берип, анан шайлоого жакындаганда «адашкандын айыбы жок» дешип, «өз үйүрүнөн» айгыр салышсачы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ