Menu

Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган беш бала Кыргызстанга кайтарылды

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен РФнын аймагындагы беш бала мекенине кайтарылып берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаеванын айтымында, беш бала ата-энеси жок кароосуз калган. «Россиядан 3 айлык бөбөктөн 1 жашка чейинки беш бала Кыргызстанга кайтарылып берилди. Алардын баары дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, балдар үйүнө жайгаштырылды. Учурда балдардын ата-энелерин, туугандарын табуу боюнча иштерди көрүп жатабыз» деди ал. Министрликтин маалыматы боюнча 2011-жылдан бери 72 бала, ал эми жыл башынан бери 8 бала мекенине кайтарылган.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: