Menu

Роухани АКШ санкциялар мыйзамын кабыл алса, Иран жооп кайтарарын билдирди

Бөлүшүү:

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Кошмо Штаттар санкциялар боюнча мыйзам долбоорун кабыл алса, Тегеран жооп кайтарарын билдирди.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, Ирандын баллистикалык ракета боюнча программаларына катыштыгы бар адамдарга жана алар менен кызматташкандарга санкциялар киргизилет. Ошондой эле “Револиция сакчылары” корпусу террористик уюм деп табылат.

Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун 25-июлда жактырды, эми ал Сенатка добуш берүүгө жөнөтүлөт.

Иран расмийлеринин айтымында, бул мыйзам долбоору 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда келишилген макулдашууга карама-каршы келет. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

Мыйзам долбоорунда Орусия жана Түндүк Кореяга каршы да жаңы санкциялар каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: