Тажикстанда мамлекеттик мекемелерге ишке орношуу үчүн талапкерлер мындан ары мүлкү тууралуу декларация тапшыруусу керек. Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги билдиргендей, бул талап мамлекеттик түзүмдөрдөгү бош орундар жөнүндөгү жарыялардын баарында камтылды.
«Себеби көптөгөн чиновниктер машина же кымбат баалуу үйлөрдү кызматка дайындала электе алганын айтышат. Мамлекет аткаминерлердин ишмердүүлүгү ачык-айкын болсун деп аракет кылууда», – деп белгиледи антикоррупциялык агенттиктеги булак.
Көпчүлүк учурда тергөө органдары чиновниктер байлыгын бюджеттик акчаларды коромжуга учуратуу менен тапканын далилдей алышпайт. Мамлекеттик кызматкерлер кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн жакын туугандарына – балдарына, аялдарына каттатып коюшат. Алардын жашыруун активдери айлык акылары менен шайкеш келбейт.
Тажикстанда келерки жылдан тарта декларацияны мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, алардын аялдары, балдары жана башка үй-бүлө мүчөлөрү дагы тапшырат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ