Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп Алмазбек Атамбаевдин ага “Мегаком” боюнча койгон дооматына жооп берди.
Эсиңиздерге сала кесек, Алмаз Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген маалымат жыйынында: “2010-жылы 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева даярдаган Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу боюнча декретке эмне үчүн “Мегакомдун” 51%ы кирбей калганын мен эң сонун билем. Ошондуктан бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да өз былыктарына жооп бериши керек”, – деп билдирген.
Ошондой эле бүгүнкү маалымат жыйында Бекназаров 2010-жылдын 12-13-майындагы окуялар тууралуу, кыргыздардын таза кандуулугу боюнча билдирүүсү жана эмне үчүн Атамбаев менен макул эместиги туурасында сөз кылды.
Видео: “News agency 24kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ