2017-жылдын 22- июлунда Казакстанда “ВАЗ 2107” автомашинасы жана жүк машина кагышкан жол кырсыгы болгон. Натыйжада, “ВАЗ 2107” автомашинасынын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны, 1989-жылы туулган Эрнис Мураталиев каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилиги бул өлкөнүн компотенттүү органдары менен байланышып, анын натыйжасында төмөнкүлөр белгилүү болду.
“ВАЗ 2107” автомашинасында 4 киши болгон, анын үчөө Кыргыз Республикасынын жарандары, бирөө РФнын жараны (өздүгү такталууда).
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жол кырсыгынын күнөөкөрү каза болгон адам болуп саналат, ал унааны башкара албай калып каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен урунган. Казакстандын компотенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчиси казак болгон адамдын сөөгүн мекенине жеткирүү иштерин караштырып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ