Menu

Москва районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда мас абалында бычактан жаракат алган жаран борбордук ооруканага түштү делген маалымат Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Жогорудагы кылмыш ишине милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чарасын жүргүзүп, жабырлануучу 30 жаштагы Сокулук районунун Т.Э. аттуу жашоочусу экени аныкталган. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде окуя болгон жер такталган. 26-июль күнү Москва районунун айылдарынын биринен мас абалында 48 жаштагы К.К. аттуу жаран мурдагы аялынын үйүнө келген жана анын жакын тааныш адамы менен уруша кетип, бычак менен жабырлануучуну жаракаттандырган.

Москва РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-берене жана 97- беренелери ( адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишине шектүү делип 48 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: