Menu

Токбаева Жогорку сотто шейшеп сатып Ош базарга айлантып алыптыр

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын айланасында уу-дуу кептер басылбай келет. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Айнаш эжекебиздин Гүлсара аттуу келини Жогорку Соттун имаратынан соода-сатык кылууну адатка айлантып алыптыр. Тагыраагы Гулсара келин Айнаш Токбаеванын иш бөлмөсүнүн ичинен кымбат баалуу шейшептерди айлыкка таратат экен. Төрайымдан ыйбаа кылган соттор жагыныш үчүн болсо да куру кол чыкпастан 100 АКШ долларынан тарта 1000 АКШ долларына чейин товар сатып алышаарын билдик. Бул эмне деген шумдук деп жакабызды кармап отурабыз. Бул деген маданияттуу “вымогательство” эмеспи ыя? Ким кандай түшүндү? Жогорку Соттун имараты, анын ичинде Токбаеванын кабинети Ош базарга айланганбы? Эгер Айнаш айым бул маалыматты жокко чыгарса анын пикирин да гезит бетине берүүгө даярбыз. Ал эми колубузга тийген башка тири укмуш фактыларды иликтеп жатабыз, чын-бышыгын аныктап аларды да гезит бетине чыгарабыз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: