Menu

Казакстанда +43 градуска чейин ысык болушу күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Батыш Казакстан облусунун жашоочулары жакынкы күндөрү аба ырайы +43 градуска чейин ысышы мүмкүндүгү тууралуу СМС-билдирүүлөрдү алып жатышат. «Казгидромет» ишканасынын кызматкери Анна Чурикованын билдиришинче, аймакта акыркы жолу күндүн ысыгы +41 градустан жогору болгон учур 1952-жылы катталган.

Синоптиктер +43 градуска чейинки аба ырайы облустун Акжайык, Жангалин, Бокейордо жана Каратөбө райондорунда болушу мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Облустун борбору эсептелген Уральск шаарында күндүн ысыгы +38 градуска чейин жетип, августтун башына чейин созулат.

Ысык аба ырайы Казакстандын башка аймактарында да катталууда. “28-29-июль күндөрү Батыш Казакстан, Атырау жана Мангистау, ал эми 29-30-июлда Костанай жана Актөбө облустарында 40-43 градуска жеткен өтө ысык аба ырайы күтүлөт”, – деп айтылат “Казгидрометтин” билдирүүсүндө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: