Михаил Саакашвили аны Украина жарандыгынан ажыратуу чечими боюнча сотко даттанат. Бул тууралуу анын адвокаты Павел Богомазов билдирди. Ал апелляциялык арыз чечимдин кагаз жүзүндөгү версиясы колго тийгенден кийин берилерин айтты.
27-июлда Киевде Михаил Саакашвилинин “Жаңы күчтөр кыймылы” уюштурган нааразылык акциясы өттү. Саясатчынын тарапташтары президенттин администрациясына чейин жөө жүрүш жасашты.
Саакашвилинин жарандыктан ажыратылгандыгы тууралуу 26-июлда белгилүү болгон. Андан көп өтпөй АКШда жүргөн саясатчы Киевге кайтып барып, «Украинадагы реформалар үчүн» күрөштү улантуу ниети бар экенин билдирген.
Саакашвили 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Ал 2015-жылдын майында украин жарандыгын алып, дароо Одесса облусуна губернаторлукка дайындалган. 2016-жылдын аягында бул кызматын тапшырган. Аны Саакашвили аймактагы коррупция менен күрөшүү мүмкүн болбой калганы, анткени аны президент өзү колдоору менен түшүндүргөн.
https://www.youtube.com/watch?v=PXmmbssbHqQ&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ