Menu

Бакыт Шаршенбиевде бет барбы?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик маалымат жана байланыш технологиялар кызматынын башчысы Бакыт Шаршембиевде уят деле жок экен. Өткөн жылдагы жайда аталган кызмат Казакстандан келген интернеттин баасын себепсиз жогорулатып коомчулуктун кыжырына тийген. Бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталып, учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. Жогорудагы оркойгон коррупциялык ишке аталган мекеме башчысы Бакыт Шаршенбиевдин тиешеси жок болуп калганы кандай? Бул иш боюнча аткаруучулар гана жооп берип, коррупциянын тээ башында тургандары суудан кургак чыкканы өкүндүрөт. Шаршенбиевдин кызматына байланыштуу кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жаткандан кийин убактылуу болсо да иштен четтетилип турса болмок. Кылгылыкты кылып коюп, интернеттин баасын жогорулатып, элди дүрбөлөңгө салып коюп, унчукпай иштегенге моралдык укугу барбы? Бийлик ушул кишинин жүрүм-турумуна көз чаптырып, тиешелүү чараларды колдонсо жакшы болоор эле.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: