Бишкек шаарынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, 25-июлдан 26- июлуна карай түнү бейтаныш адамдар үйүнүн кооросунда токтоп турган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоуунасынын тетиктерин уурдап, изин жашырып качып кетишкен. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ыссык-Ата районунун Д.Т. аттуу тургуну кармалып, Бишкек шаарындагы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, Ленин районунун ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арызында 2017-жылдын 1-июль күнү шаардын дүкөндөрүнүн биринен бейтаныш адамдар арыз ээсинин “Самсунг-Гелекси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Бишкек шаарынын Ж.А. аттуу тургуну кармалып, убактылу кармоо жайына киргизилди. Жогорудагы факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (уурдо) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ