Menu

Азимбек Бекназаров, экс-төңкөрүшчү: “Кыргызстанда бийликтин, байлыктын ээси эл эмес, президенттин жакындары, шоопурлары болуп калды”

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын ээси болгон кыргыз эли, кыргызстандын эли, бийликтин ээси, эгемендиктин ээси делген кыргызстандын эли бүгүн эмнеге ээсиңер? Кен байлыктарга ээ болуп жатасыңарбы? Жерибизге ээ болуп жатабызбы? Биз эмнеге ээбиз?”, – деп билдирди экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров кечээ, 27-июлда Бишкекте берген маалымат жыйынында.

“Баардыгына президенттин жакындары, ошонун командасы ээ болуп келе жатпайбы! Президенттин айланасында жүргөн тар чөйрө – бул мамлекеттин ээси ошолор! Акаев да ошондой кылган, Бакиев да ошондой кылган, бүгүн Атамбаев да өзүнүн саясый партиясы менен тоталитардык режим менен башкарып жатпайбы! Өзү сот, өзү тергөөчү, кааласа сөгөт, каалаган журналистти соттойт. Жекирет.Каалаган саясатчыны урушат, чет өлкөнүкүн да урушат, өзүбүздүкүн да урушат. Анткени бул үйдүн кожоюну ошол. Президент! Эл эмес. Бир журналист ошого суроо берсе “сиз биякка асыласыз, тиякка асыласыз” деп ошол журналистти кууп чыгып жатат. (Ал Аксылык экен, менин үкөм болот экен, менин айылдашым.) Бул эмне жалганбы? Кайсы гана элге асылган жок? Интернеттен сүйлөгөн сөздөрүн карагыла, Нарынга баргандагысын, Таластагысын карагыла. Каримовду эмне деди? Путинди эмне деди? Бир кичинекей тай чөйрө өзү сот, өзү тергөөчү, өзү кен байлыктын ээси болуп, өзү кредит тапкыч боло албайт. Президенттин “РусГидрону” алып келдим, тигини курдум, муну курдум” деп мактанганы туура эмес. Анткени ал өкмөттүн иши, президенттин иши эмес. Мыйзам боюнча курулуштарды, ГЭСтерди өкмөт чечет, өкмөт курат. Ал президенттин иши эмес, анда эмнеге айтып, мактанып жатат? Анткени Атамбаев өзүн ушул үйдүн кожоюну сезет! Акаев да ошенткен, Бакиев да ошенткен. Мен өмүр бою ушу менен күрөшүп келатам, Акаев менен да Бакиев менен да күрөшүп келгем, бүгүн Атамбаев менен да күрөшүп жатам жана акыр аягына чейин күрөшө берем. Бирөөнүн үй-бүлөсү, балдыздары, инилери, партиялаштары, шоопурлары мамлекетти башкарбаш керек. Алар үйдүн ээси бизбиз дебеш керек”, – деди экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: