Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-июну үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана 2017-жылы түшүм жыйноону өткөрүүнүн, айыл чарба продукцияларынын чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматтар угулду.
Аталган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков чыгып сүйлөштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ