Menu

Эмилбек Момунов, журналист: “Акпы, көкпү, оппозиция болобу, Кыргызстандын ар бир жараны президентине суроо берүүгө акысы бар”

Бөлүшүү:

-Президент Атамбаевдин көл жээгиндеги басма сөз жыйыны бир тараптуу гана болду деген сөздөргө кошула аласызбы? Анын жүрүшүндө КТРК  жетекчиси Илим Карыпбековдун кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп сөз сүйлөгөнү мындай форматтагы пикир алышууга туура келеби? “Кошоматчылыгын ансыз деле КТРК аркылуу көрсөтүп жатат, ошол жакта эле уланта бербейт беле”,- деген кеп туура эле айтылып жатабы?

-Негизи мамлекет башчысы болгон соң баардыгына тең карап, журналисттерди оппозиция, бу позиция кылбай, баардыгын тең эле чакырып, ачуу-таттуу суроолоруна жооп берсе болмок. Болгондо да бул ирет А.Атамбаевдин президент катары маалымат жыйыны акыркы ирет болуп атпайбы. Натыйжада жалпы өлкө кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык, тышкы саясат,  социалдык маселелер тууралуу бир да сөз болбой, жалаң эле имиш-имиш, интрига, соттошуу жана президенттин тегерегиндеги адамдардын таржымалын баяндаган маалымат жыйыны болуп калыптыр. Себеби, чуулгандуу чехиялык ГЭС куруучу компаниядан тышкары бир да өлкө  экономикасына баа берген, келечегибиз кандай болорун аныктаган, 2040-жылга карата  белгиленген стратегиялык пландар, коррупцияга каршы күрөш күчөгөн менен бул илдет кайра  күчөп бараткандыгы боюнча суроо да, жооп да уга албадык. Мисалы, эмне үчүн миграция көйгөйү  чечилбей эле, кайра күч алып жатат?

Сыягы, мамлекет башчынын тегерегиндегилер андай “жагымсыз” сөздөрдүн айтылышын  каалабаса керек. Бирок акпы, көкпү, оппозиция болобу, Кыргызстандын ар бир жараны же  журналисти өз президентине суроо берүүгө акысы бар.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: