Menu

Казакстан Египетте камалган студенттерге консулдун кирүүсүнө уруксат сурады

Бөлүшүү:

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов египеттик кесиптеши Самех Шукри менен сүйлөшүп, Каирде кармалган алты казак студентине өлкөнүн консулун киргизүүгө уруксат берилиши керектигин айтты. Казакстан апта башынан бери Египет бийлигинен студенттердин эмне себептен кармалгандыгы жана учурда кайсыл жакта экендиги тууралуу маалыматтарды алууга аракет кылып келет.

Абдрахманов менен Шукринин телефондук сүйлөшүүсү казак тараптын демилгеси менен 27-июль кечинде болгонун Казакстан ТИМи билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Шукри «абалды жана коюлган маселени толук түшүнгөнүн» айтып, колдон келген жардамын берерин убадалады.

Казакстандын Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинин эки студенти араб тили курстарын окуу үчүн Каирге 11-июлда барышкан. Анда алар башка төрт казак студенти жашаган батирге токтошкон. Студенттер акыркы жолу жакындары менен 20-июлда байланышка чыгышкан.

25-июлда бийлик алты студентти египет полициясы кармап кеткенин билдирген. Алардын эмне себептен кармалгандыгы дале белгисиз. Бийлик студенттердин коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: