Menu

Депутаттар эл багарларбы же аяк бошоторлорбу?

Бөлүшүү:

Эл өкүлдөрү өздөрү менен жакындарынын 2016-жылы тапкан кирешесин жана чыгашаларын декларацияда көрсөттү. Алардын баарын тизмектеп олтурсак 120сын каягыбызга батырабыз. Андыктан айрымдарын, алардын ичинде жукаларын эле тизмектеп олтурабыз. Беркилериникин көрбөй эле коюңуз, окуп алып настроениеңиз түшөт.

Дастан Бекешов

Негизги кызмат ордунан 1 миллион 124 миң 477 сом иштеп тапкан. Университеттеги кошумча жумушу үчүн 16 миң сом, майыптыгы үчүн алган жөлөк пулу 81 миң сомдон ашат жана 12 миң сомду компенсация катары алган. Батири бар. Жакын туугандары 48 миң сом алышса, салымдардан 1700 доллар табышкан. Негизги жумушунан 7 миң доллар табышкан.

Анвар Артыков

Эл өкүлү болуп кызмат кылганы үчүн 1 миллион 65 мин, 324 сом тапкан. 68 жаштагы депутаттын пенсиясы 278 миң сомду түзгөн. Андан сырткары батирге, бир үйгө жана 1998-жылы чыккан Hyundai Sonata менен 2013-жылы өндүрүштөн чыккан Toyota Landcruiser автоунаасына ээлик кылат. Ошондой эле анын жакын тууганы 52 миң сом пенсия алганын жана үйү бар экени декларацияда көрсөтүлгөн.

Алмазбек Эргешов

Бир жылда эл өкүлү катары 994 миң 592 сом тапкан. Батири жана 2008-жылы чыккан Lexus LS460 машинасы бар экенин декларациясында көрсөткөн.

Динара Исаева

Депутат катары бир жылда 989 миң 191 сом айлык алган. Эл өкүлүнүн батири, дачасы, киши жашабаган имараты жана Lexus LX570 менен Lexus LS460 үлгүсүндөгү эки автоунаасы бар. Акциясын ишенимдүү башкарууга берген.

Кожобек Рыспаев

Эл өкүлү катары былтыр 958 миң 680 сом каражат тапкан. 182 чарчы метрди түзгөн үйү, 2011-жылкы Lexus LX570 унаасы бар. Соода борбор менен кафени ишенимдүү башкарууга берген.

Мирлан Жээнчороев

«РАЖдын» депутаты 946 миң 492 сом маяна алган. Мындан сырткары, жарандык келишимдердин арты менен 550 миң сом, айыл-чарба продукцияларын сатуудан 70 миң сом пайда көргөн. Беш гектар жери бар. Туугандары келишимдерден 2 миллион 870 миң сом киреше таап, 800 миң сом чыгаша болушкан. Менчигинде 2012-жылкы Toyota Camry унаасы бар.

Булак: “Айгай пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: