Учурда ааламга аттын кашкасындай таанымал, атагы бүт жер шарына тараган спорттук кийим-теримдерди чыгарган немецтик Adidas фирмасы мыкты футболдук топторду жасоо боюнча 2010-жылы кайрадан жаңыртып койгон реккордун алигиге чейин эч бир спорттук фирмалар багынта албай келет. Анда, ошол 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп, финалга Нидерландия менен Испаниянын командалары чыкканы футбол сүйүүчүлөрдүн эсинде деле болсо керек. Ошондо атайы финалдык оюн үчүн жасалган “JO BULANI” деп аталган жалгыз топ оюндан кийин аукционго коюлат. Аукционго 55 мамлекеттен катышат. Соңунда Испаниянын жеңишинин урматына деп испан фанаты эң жогорку сумманы (78 миң 808 АКШ доллары) коюп өзү да сонун, акчасы да сонун ооба, тарыхий мааниси бар топту үйүнө алып кеткен.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ