Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 28-июлда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүму билдирет.

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү эки топко бөлүнгөн айыл өкмөттөрү байгелүү орундарга жетишти:
Биринчи топ:
– I орун – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү;
– II орун – 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтү;
– III орун – 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү.
Экинчи топ:
– I орун – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтү;
– II орун – 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү;
– III орун – 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү.

Сынактын негизги критерийлери:
– айыл өкмөттөрдүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо;
– айылды көрктөндүрүү, келбетин жакшыртуу, маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу жана маданий мурастарды сактоо;
– айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүү;
– жумуш орундарын түзүү;
– ишкердикти жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү;
– жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү;
– дотациялык төлөөлөрдү кыскартуу;
– инвестицияларды тартуу;
– инженердик жабдууларды жана санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынактын райондук жана облустук деңгээлде сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан түзүлгөн жалпы мамлекеттик сынактык комиссиясы тарабынан чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: