“Кумтөр” алтын кени 1992-жылдан бери келаткан коррупциянын туу чокусу. Акаевдин учурунда Кыргызстандын кен байлыгына Борис Бриштейн ээлик кылып калган. Анан ал 2 тонна алтынды өзү жеке менчик самолет менен Швейцарияга чыгарып кеткен”, – деп билдирди экс-төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров кечээ, 27-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
“Эми 2011-жылдан бери Кумтөр боюнча өкмөттүн Сариев жетектеген комиссиясы, парламенттин Садыр Жапаров жетектеген комисссиясы текшерип, коррупциялык схема экенин далилдеп беришкен. Мен ошондо эле айткамын “Кумтөрдү” ушинтип парламент менен өкмөт бири-бирине тепкилеп жүрүшө берет, бул маселе чечилбейт. Анткени бул жерде чоң коррупциялык схема бар деп. Андан бери эле 6-7 жыл өттү. Бүгүн болсо Атамбаев: “Мен Акаевди Кумтөр боюнча кечирбейм!” дейт. Ай, айланайын, Акаев Москвада интервью берип эле жүрбөйбү . Сен ай сайын эле Москвага барып жатпайсынбы. Айтпайсыңбы Путинге “Акаевди бер, мен алып барып сурак кылдырайын” деп. Же болбосо Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 16%га түшүрүп жиберген Танаев ошол жерде “Газпромдо” эле иштеп жүрбөйбү. Атамбаев 7 жылдан бери эле ошол Танаевди алып келе албайбы? Баарын териштирип алигиче Кумтөргө чекит койсо болбойт беле? Эми уялбай “Акаевди кечирбейм” деп коёт. Сени 7 жыл ушул коррупциялык схеманы сактап олтурганың үчүн ким кечирет? Өзүңдү билчи элден мурун. Өзүнө деле сурак болот да: Эгер Акаев ошондой коррупциялык схема түзгөн болсо анын коррупциялык схема экенин парламент тааныса, өкмөт тааныса, комиссиялар тааныса анда сен 7 жыл эмнеге аны бузган жоксун? Анткени Кумтөр боюнча Акаевдин жана Бакиевдин коррупциялык схемасын Атамбаев улантты да”, – деди Бекназаров.
Булак: 24.kg
24.kg порталынын видеоканалынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ