Menu

Патрулдук милиция кызматкерлери “Форсаж” аталышындагы рейд өткөрүштү

Бөлүшүү:

Түнкүсүн Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында Патрулдук милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын транспорттук каражаттарын техникалык кароо ассоциациясы менен биргеликте “Форсаж” аталышындагы алдын-алуу рейддин өткөрүштү. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин ПМнын Басма сөз кызматы билдирет.

Тактама: Мамлекеттик техникалык стандарттын талабына ылайык жеңил автоунаанын үнүнүн деңгээли 96 децибелден ашпаш керек. Автоунаанын үнүнүн деңгээлин өлчөө үчүн “Шумамер” прибору колдонулат.

Рейддин жүрүшүндө 809 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен мас абалында автоунааны башкарган 8 айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жолдун карама каршы багытына чыгып айдаган 250 айдоочуну аныкташкан. Автоунаанын арткы жана астынкы терезелерин караңгылаткан 3 автоунаа аныкталган. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик коодексинин 173-беренесине (Булганыч заттарды ченемден ашыкча бөлүп чыгарган транспорттук жана башка жүрүүчү каражаттарды пайдалануу) ылайык жол кыймылынын эрежесин одоно бузуп, булганыч заттарды ченемден ашыкча бөлүп чыгарган транспорттук каражаттарга карата жүргүзүлгөн рейддин негизинде 50 автоунаа текшерилген. 5 автоунаанын үнүнүн деңгээли талапка ылайык жооп бербегендиктен тиешелүү протоколдор түзүлгөн. 32 автоунаа айып пул төлөө жайына жеткирилип,. ЖКЭни бузгандарга карата 171 административдик протокол түзүлдү. “Форсаж” аталышындагы рейд жума сайын жүргүзүлүп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: