Menu

Токон мырза какшыктап, кебез менен мууздап жатса да түшүнүшкөн жок

Бөлүшүү:

Учурда ажолук так үчүн ат салышмакчымын деп ээликкендердин саны кыркка жетип калды. Айрымдарын гана эл тааныбаса, көбүн эч ким билбейт. Пенсияга чыккан карысынан тартып, президенттикке коюуга жашы жетпегендерге чейин БШКга арыз тапшырып жатышат. Кызыгы, өзү жумушсуз жүрүп, элди иш менен камсыз кылмакчымын дегендер, мамлекетти тоноп, жеп-ичип коррупционер атыгып соттолгондор, айтор, баарысы тең кыйратам, гүлдөтөм деп жатышат. Мындай өзү жерде экенине карабай, көөдөнү көктө жүргөн, дарамет-деңгээлдери тайкылар Токон Мамытовдон үлгү алышса жакшы болмок. Мыкты мамлекеттик ишмер экенине карабай «мен президентке татыктуу эмесмин» деп, дүрбөп жаткандарды «кебез менен мууздап» жатат. Токон мырзанын, «какшыгын» ээликкендердин көбү түшүнүшкөн деле жок. Дээрлеринде жок болсо айла жок тура.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: